Кямран Аббасов: Аман болгула кыргыз элим

Мезгил

 One Fighting Championship уюмунун чемпиону  Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов беттештен кийин кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Ал инстаграмдагы баракчасына “Ассаламу Алейкум кыргыз элим баарыңарга жакшылык каалайм.  @jakubali тайкемге, ошондой белектерге  рахмат.   Аман болгула кыргыз элим” деген билдирүү калтырды.   

Белгилей кетсек,   Мекендешибиз  Кямран Аббасов 25-октябрда дүйнөдөгү беделдүү делген One Fighting Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет бул уюмдун курун тагынды.

Кыргыз спортчусу 77 килограмм салмактагы швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен беттешип, татыктуу жеңиш менен андан  чемпиондук курду тартып алды.

Аббасов ММА боюнча жалпысынан 21 беттешти утуп, төрт ирет утулган. Ал эми швециялык мушкер чемпиондук наамга былтыр ноябрда татыган.

  One FC — аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү беделдүү уюм. Ал UFC уюмунун атаандашы катары эсептелет.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *