Кылычбек Султан: Сопоковду Сооронбай Жээнбеков коргобосо “Желмогуздар” жеп кетет

Мезгил

“Фейсбуктагы” баракчасына Кылычбек Султан төмөнкүдөй маалымат калтырган:

“Сооронбай Жээнбековго ушул маалыматты жеткирүүнү АНЫН ЖАНЫНДАГЫ ЖҮРӨГҮ ТАЗА адамдардан суранам:

  1. Стамбулдагы Башкы консулду Сооронбай Жээнбеков өзү коргоого албаса, анда чыныгы “Желмогуздар” кутулуп кетет.
  2. ТИМ тараткан маалыматка таянсам, күнөөнүн баарын төмөнкү баскычтагы чиновниктерге жүктөп, “Чоң Желмогуздар” кутулуп кете тургандай сезилип жатат.
  3. “Чоң Желмогуздардын” кийлигишүүсүсүз, калкалоосусуз мындай иштер болушу мүмкүн эмес.
  4. Бир нече жыл өтпөй Сооронбай Жээнбеков “айланамдагыларга ишенип жаңылыпмын” деп аттиң кылышы толук мүмкүн.
  5. Бул кайрылуум көз жаздымда калбайт деп үмүт кылам, албетте мен божомолдогон “Чоң Желмогуздардын” башында Сооронбай Жээнбеков өзү турбаса…”

Мындан улам суроолор туулат экен:

1) Сопоковдун өмүрүнө коркунуч туулуп жатабы? Ал жөнүндө Кылычбек Султан кайдан билет?

2) Кылычбек Султан Сопоковду кимден, эмне үчүн коргоо керектигин эмне үчүн ачык айткан эмес?

3) Эгерде “Чоң Желмогуздардын” бар экендиги чын болсо, анда бир кезде элчилик кызматта иштеген Кылычбек Султандын өзү ким болуп калат?

4) Сопоковго тиешелүү делген автоунаа меники деп Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов үн катты эле. Текебаевге жанашып жүргөн Кылычбек Султан болсо Сопоковду президент өзү коргоого алсын дегени эмнени каңкуулайт? Шамал кайдан согуп жатат?

5) Президент өкүнүп калышы толук мүмкүн деп Кылычбек Султан “көзү ачык” көрөгөчкө айлана баштаганбы?

6) Сопоковду коюп, бир кезде өзү көтөрүп чыккан Кореядагы дипномер менен жүргөн автоунаалар жөнүндө толук маалыматты Кылычбек Султан элге качан жарыя кылат?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *