Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

     Мезгил

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 10-февралга оогон түнү Кыргызстанга өткөн казакстандыктар катталган эмес. Ал эми Казакстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барып, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү, жарандарды өткөрүүнү жүргүзүп жатат.

    Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү “Кең-Булун автожол” жана “Токмок автожол” өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга жарандардын тыгыны көбөйгөндүгүн аныктаган. 9-февраль күнү Кыргызстандан Казакстанды көздөй жарандардын кайтканы байкалып, саат 10.00 карата 1000ден ашуун Казакстандын жараны Кыргызстандан чыгып кетишкен. 

Эске салсак, 7-февралдан 8ине караган түнү Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчы айылындагы массалык мушташ орун алган. Казакстан ИИМнин маалыматына таянсак, чырдын натыйжасында сегиз адам каза болуп, 40 ашуун жаран жараат алган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *