Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” өткөрүү түйүнү жабыла элек

    Мезгил

Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” өткөрүү түйүнү азырынча жабыла элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда  ремонттук иштерге даярдыктар жүрүүдө. Казакстан менен бир күндө эки тараптуу жабуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат.

Эске салсак, өткөрүү түйүнү калыбына келтирүү иштерине январдын башында жабылат деп пландалган. Коңшу өлкөгө жарандар “Ак-Тилек”, “Токмок”, “Кең-Булуң”, “Кайыңды” жана “Чалдыбар” түйүндөрүнөн өтө алат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *