Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны көбөйүүдө

   Мезгил

  Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кезегин күткөн унаалардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, казак тарап көзөмөлдүн бир канча түрүн аткарып жатканына байланыштуу машинелердин кезеги узарып кеткен. Кечээ кечинде, аталган бекетте кезек күткөн унаанын саны 50гө чукулдаган.

Эске салсак, Казакстан 19-марттан бери эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн унааларды текшерүүнү күчөткөн. Кезектеги машинелердин саны 250дөн ашкан. Абал эки өлкө өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийинки макулдашуудан кийин жеңилдеген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *