Кыргыз-казак чек арасында тыгындар жок

   Мезгил

Кыргыз-казак чек арасында тыгындар жок. Бул тууралуу бизге Мамлекеттик Чек ара кызматынан  билдиришти. 

 Маалым болгондой,  “Ак-Тилек” бекетинде 100дөн ашуун жүк ташуучу унаалар өткөн ишемби күнү туруп калган.

Анын себеби, казак тараптагы көзөмөл өткөрүү түйүндүн иши үзгүлтүккө учураганы болду.

Натыйжада жүк ташуучу унааларды текшерүү жайлаган.

Кечээ эртең менен алар кадимки режимде кое бериле баштап, түшкү маалда тыгындар жоголду.

Жеңил унаалар жана жүргүнчүлөр чектөөсүз өтүп жаткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *