Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташа баштады

   Мезгил

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө абал турукташууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда бекетте кезегин күтүп 45 жүк ташуучу машине токтоп турат. Казак тарап саатына 4-5 унааны өткөрүүдө. Ал эми кыргыз тарапта жүк ташуучуларга эч кандай чектөө жок.

Эске салсак, кечээ кыргыз-казак чек арасынын аталган түйүнүндө кайрадан унаалардын тыгыны катталды. Бул Казакстан текшерүүлөрдүн бир нече түрүн жүргүзүп жатканына байланыштуу болду. Жеңиш машинелер эч тоскоолдуксуз өтүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *