Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал чечиле элек

 Мезгил

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде кырдаал татаал бойдон калууда. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, азыркы тапта кезегин 60ка жакын фуралар күтүүдө.

Казак тарап саатына 6 жүк ташуучу унааларды өткөрүп жатат.

Бул кадимки күндөргө караганда эки эсе жай.

Коңшу мамлекет жүктү кылдат текшерүүсүн контрабандага каршы күрөш менен түшүндүрүүдө. Мындай режим качан алынат – азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, “Ак-Тилек” чек ара бекетинде кырдаал 20-мартта кыйындаган.

Башка өткөрүү түйүндөр кадимки режимде иштөөдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *