Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

   Мезгил

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат.  Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, чектөөлөр коңшу өлкөдө республиканын негизделишин майрамдоого байланыштуу киргизилип жатат.

 Андыктан «Торугарт-унаа жолу» өткөрүү түйүнү 1-октябрдан 6-октябрга чейин жабылып, 7-октябрда гана ишин жандандырат.

Ал эми  «Эркештам-автожолу» адам жана жүктөрдү өткөрүүсүн 1-октябрда токтотуп, 4-октябрда гана ачылат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *