Кыргыз – Кытай чек арасы убактылуу жабылды

   Мезгил

Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой,  мындай чечимди Кыргызстандын  аймагына короновирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды.

  Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок. 

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык- көзөмөл пунуттары иштеп жатат. 

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери жана симптомдору болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда, ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. 

Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур  катталса саламаттык сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды. 

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү короновирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча  санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу тууралуу биринчи кезектеги иш аракеттердин планын иштеп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргыз-кытай чек арасы 24-январдан 30-январга чейин убактылуу жабылган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *