Кыргыз-пакистан комиссиясы жогорку окуу жайлардын лицензияларын текшерет

Мезгил

Кыргыз-пакистан комиссиясы жогорку окуу жайлардын лицензияларын текшерет. Бул тууралуу  Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, медициналык багытта билим берген окуу жайлардын студенттерди даярдоо деңгээли жана студенттерди кабыл алуу критерийлери дагы текшерилет.

Эске салсак, 29-октябрда Пакистандын медициналык комиссиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларын “кара тизмеге” киргизгенин жарыялады.

Буга бизде окуп кеткен пакистандык студенттердин дээрлик 90 пайызы өз жеринде экзамен тапшыра албай калганы жана дипломдор таанылбай жатканы себеп болду. Кыргызстанда 19 ЖОЖ медицина адистерин даярдайт. Аларда 7 миңге жакын пакистандык студент билим алып келет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *