Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясынын үчүнчү билдирүүсү: «Кыргыз элин геноцидге тушуктургандар жоопко тартылышы керек!»

    Мезгил

 Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли бир кылым аралыгында төрт жолу геноцидге учурады. Биринчиси – 1916-жылы (Үркүн), экинчиси – 1990-жылы (Ош окуясы), үчүнчүсү – 2010-жылы (кандуу июнь окуясы) жана төртүнчүсү – 2020-жылы (пандемия апааты). Алгачкы үч геноцидге күнөөкөрлөр так аныкталып, өз жазаларын албагандыктан, эми төртүнчү геноцидде он миңдеген жарандарыбыз оор азапка кабылып, эки миңдей адамдар мезгилсиз каза болушту. Азыркы геноциддин башкы күнөөкөрү, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын толук курамы, бул кылымга тете кылмышы үчүн сот жообуна тартылмак турсун, учурда жыргап-куунап күздөгү парламенттик шайлоого кызуу даярдык көрүп жатат. Буга байланыштуу, биз, аграрчылар, стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаевдин коронавирус илдетинин жайылышы, анын кесепети боюнча улуттук комиссия түзүү сунушун толук колдойбуз. Анын курамына коомдук жана саясий уюмдардын өкүлдөрү да кириши зарыл. Биз, Агрардык партиянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү, ал комиссияга өзүбүздүн өкүлдү сунуштайбыз жана комиссиянын ишине жигердүү катышабыз. Албетте, учурда элдин 90 пайызы ишенбеген өлкөнүн соттору акыйкат чечим чыгараарына ишеним аз. Бирок, Кыргызстандагы сот системасынын үч деңгээлинен (райондук, шаардык, Жогорку соттор) өткөн соң улуттук комиссияда эл аралык сотко (Гаага шаарындагы, Нидерланды) кайрылуу мүмкүнчүлүгү ачылат.

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү:

Болоткан Кумаров, Эсенкул Алиев, Бекболот Талгарбеков, Шамил Усубалиев, Нурзаада Мурзамуратова, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Иманберди Жумалиев, Тамара Жумашева,  Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Ариф Халилов.

Бишкек ш., 5-август 2020ж.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *