Кыргыз саясатында Атамбаевсиз чече албай турган жагдай жаралдыбы, же бул Атамбаевдин жөн гана амбициясыбы?

Мезгил

Атамбаев акыркы берген маегинде “Азыр өлкөдө кайра “Бакиевдердин жолуна” түшө тургандай жагдай жаралды. Ошондуктан чыныгы парламенттик өлкө болушубуз үчүн, балким жаш саясатчыларга жардам берүү максатында мен саясатта калганга аргасызмын-деп билдирген. Mezgilnews сайты чын эле кыргыз саясатында Атамбаевсиз чече албай турган жагдай жаралдыбы, же бул Атамбаевдин жөн гана амбициясыбы деген суроого жооп издеп көрдү.

Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин акыркы берген маегин дегиле анын акыркы кадамдарына саресеп сала турган болсок, Атамбаев өлкөдөгү бийликке каршы күчтөрдүн башын бириктире аларынан күмөн санарын айтат.

-Атамбаев чынында “саясаттан кетпейм, Жээнбековдордун ким экенин көрсөтөм, булар менен кармашам” дегендей эле билдирип келе жатат. Ал партиясы менен парламенттик шайлоого катышат, өзүн оппозициялык партия деп жарыялайт. Оппозициялык блокту жетектегенге, топтогонго аракет кылат.

Ал акыркы берген маектерин карап көргүлөчү, Икрамжан Илмиянов, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу дээрлик айткан жок. Ал эки эле адамды – Кулматов менен Исаковду гана коргоп жатат. Ушундан улам караганда түндүк-түштүк деген “жылаандын башын” көрсөткөндөй болуп турат. Мындай кадам менен ал айланасына күч топтоп, саясий күчтөрдү бириктире албайт.

Андан көрө “мен саясаттан кетпейм, көп кемчиликтерди кетирдим, ошол кемчиликтерди жоюу боюнча бийликке жардам берем” деп айтса мүмкүн айланасына күчтөрдү бириктире алмак. Бирок ал андай деп айткан жок да. “Мен таптазамын, акмын, баймын, калгандарынын баары акмак” дегендей эле айтты. Анан ушундай учурда кантип бириктирет?-деди Бекназаров.

Ал эми Атамбаев саясатта кайсы бир кызматка барайын деп калбаганын анын саясатта калышына азыркы бийликтин кадамдарына ичи чыкпагандыктан, өлкө чыныгы парламенттик башкарууга өтүшү үчүн саясатта калгысы келгенин айтат.

-Билесиңерби, мен чоң саясатта президент, премьер болоюн же кайсы бир кызматка барайын деп калган жокмун. Болгону мен “Бакиевдердин заманынын” кайра келишин каалабайм. Биздин өлкө биз салган жолду жоготуп алышын каалабайм. Мен 2017-жылы үзгүлтүккө учураган конституциялык реформаны жүргүзгүм келет. Мен таптакыр башка иштер менен алектенейин, парламенттик шайлоого өзүмдүн командамды топтоюн, Алтай цивилизациясы, тил, тарых жана бизнес менен алектенейин деген элем. Бул менин табиятым. Тилекке каршы, азыр өлкөдө кайра “Бакиевдердин жолуна” түшө тургандай жагдай жаралды. Ошондуктан чыныгы парламенттик өлкө болушубуз үчүн, балким жаш саясатчыларга жардам берүү максатында мен саясатта калганга аргасызмын-деди Атамбаев

Ал эми саясат таануучу Эмил Жураев Алмазбек Атамбаев өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп жатат. Оппозициячыл саясатчы катары кандайдыр бир саясий-идеялык программалык турумду карманат дегенге көп деле ынабай турам деген пикирин айтат.

– 2010-жылы кабыл алынган Конституция бизди парламенттик башкарууга алып бармак. Алмазбек Атамбаев президент кезинде парламенттин түспөлүн бир топ эле жоготуп, президенттик бийликти чыңдап келди. Ал боюнча деле азыр башкаларды күнөөлөп келди, бирок ал биринчи кезекте өзү жоопкерчиликтүү экенин билиши керек. Оппозициячыл саясатчы катары өзүнүн кызыкчылыгын, коопсуздугун гана көздөшү мүмкүн –деди Жураев.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *