Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуду. Жабыркагандар бар

  Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуду. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  кыргыз тарапта жабыркагандар бар.  Жакын жайгашкан айылдардын тургундары чек арачылардын жанына келип, бири бирине таш ыргытып башташкан.

Окуянын жыйынтыгында кыргызстандык жаран жаракат алды. Чек арачылар элдерди ажыратуу максатында асманга ок чыгарууга мажбур болушту. Абал курч бойдон турат.

Эске салсак,  кечээ Ак-Сай — Тамдык айланма жолду куруп баштаганда, Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары буга каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эскертүү иретинде абага ок атууга мажбур болгонун билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *