Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

   Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан беш өткөрүү жайы иштейт.

Кечээ тажик тарап «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрмө жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат.

Ал эми калган төрт чек ара посту кадимки тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *