Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

    Мезгил

Бүгүн, 26-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кезектеги сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, жолугушууга өкүлдүн аппаратынын укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары Адыбек Набиев, Тажик Республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Сүйлөшүү учурунда эки тарап бир пикирге келип, такталбаган аймакта жүргүзгөн курулуш учурда токтотулуп, тажик тарап жерге төшөлгөн таза суу түтүктөрүн алып, казылган жолду калыбына келтирип жатышат.

Учурда чек арада абал тынч. Топтолгон жарандар тарады.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-октябрда, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан, тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *