Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты

   Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан уруш чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, окуя кечээ Баткен районунун Карабак айлындагы Эски мазар аймагында болгон. 

Белгисиз бирөөлөр кыргызстандыктын сарайынын эшигин талкалап салган. Ал эми аны оңдоого келген жашоочуларды Тажикстандын чек арачылары киргизбей койгон.

Сарай такталбаган жерде жайгашканы менен кыргызстандыктар тарабынан колдонулуп келет. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажикстандыктар эшикти оңдоого жана сарайды андан ары колдонууга макулдугун берди.

Калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *