Кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жарандын унаасына ок атылып, айдоочу жаракат алды

 Мезгил

Бүгүн, 2-июнь күнү кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жарандын унаасына ок атылып, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.  

 Маалым болгондой, Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жергесинде болжол менен саат 01:20да “Ош-Исфана” жолу менен бара жаткан Кыргызстандын 38 жаштагы Б.Б. аттуу жаранынын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык мылтыгынан бир нече ирет ок аткан.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жараны жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Түндө эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Учурда окуя жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

 Учурга  карата кыргыз-тажик чек арасынын аталган тилкесиндеги абал туруктуу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *