Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

   Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   

 Маалым болгондой,  кечээ 21-майда  Баткен районунун Карабак айылында Эски мазар жеринде кыргыз жарандары менен Тажикстандын чек арачылары ортосунда чыр чыккан. Тажик чек арачылары асманга бир жолу ок атышкан.

Бүгүн аталган жерге 100дөн ашык айыл тургундары топтолушту. Алар тажик чек арачыларынын көрүстөнгө киришине каршы болууда.

Мамлекеттик чек ара кызматынан түшүндүрүшкөндөй, көрүстөн талаш аймакта жайгашкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *