Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 10 адам Бишкекке учак менен алынып келди

   Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 10 адам Бишкекке учак менен жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, алар борбор шаардын ооруканаларында дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Жалпысынан кечээ болгон атышуудан 13 кыргызстандык жабыркаган.

Алардын жетөө аскер кызматкери, алтоо жергиликтүү жашоочулар. Алардын арасында 12 жаштагы бала да бар. Дагы бир чек арачы окко учуп, шейит кетти.

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлиги берген акыркы маалыматка караганда, жабыркагандардан эки аскер кызматкеринин абалы өтө оор, алар реанимацияда.

Эске салсак, кечээ тажик тарап Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерин аткылаган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *