Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду унаа жолу” өткөрүү түйүнү иштеп баштады

  Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду унаа жолу” өткөрүү түйүнү иштеп баштады.   Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилеп кетсек, тажик тараптан “Кулунду унаа жолу” бекетинен Кыргызстан, Тажикстан жарандарын өткөрүү убактылуу токтотулган болчу.

Чектөө үчүнчү мамлекеттердин жарандарына тиешелүү болгон жок.  

Белгилей кетсек,  16-сентябрда  Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон капсалаӊдуу окуя болгон. Анын жүрүшүндө бир чек арачы өлүп, бир топ жоокерлер менен жарандар жараат алган. Ошондон улам, депутаттар тобу менен өкмөт башчы баштаган күч органдарынын жетекчилери окуянын кесепеттери менен жеринен таанышып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *