Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенге жөнөп кетти

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти.

 Мындан сырткары  жеринде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаков жана Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов иш алып барууда.

Эске салсак,  кечээ Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Алар бири-бирин таш баранга алганы белгилүү. Аларды тынчтандыруу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту. Кырдаалдан улам жоокерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *