Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 7 кылмыш иши козголду

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин 7 кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу   укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, алардын ичинен 3 кылмыш иши жарандардын өмүрүнө кол салуу фактылары боюнча козголду.

Тергөөнү Кыргызстан жана Тажикстан биргелешип жүргүзүп, атайын топко Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Аскердик прокуратуранын өкүлдөрү кирди.

Эске салсак, 13-мартта тажикстандыктар Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган.

Эки тараптан чек арачылар курал колдонууга аргасыз болгон.

3 кыргызстандык ок жараатын алса, бирөөнүн баш мээси чайкалган.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *