Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматынан бошотулду

  Мезгил

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

 Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, Юристанбек Шыгаев өргүү алып, андан ары кызматтан кетүү тууралуу арызын ЖМКда чыккан маалыматтан кийин жазган. ЖМК анын музейден белгилүү 2 сүрөттү алып чыгып кетип, кайра бузулган абалда алып келгенин жазып чыккан. Бирок, Юристанбек Шыгаев аталган сүрөттөрдү кайра калыбына келтирип берем деп убада кылган. Ал бул кадамы үчүн айрымдардын сынына кабылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *