Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды

   Мезгил

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

 Маалым болгондой,  кыргызстандык аскерлер чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автомашинасын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, асманга ок чыгарышкан.

Ага да болбой айдай беришкендиктен кыргыз аскерлери машинанын дөңгөлөгүнө атууга мажбур болушкан.

Натыйжада бир өзбек жараны жараат алып, ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди.

Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө өкүлдөрдү жөнөтмөй болушту.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *