Кыргыз-өзбек чек арасында жабыркагандардын саны өсүүдө

   Мезгил

Кыргыз-өзбек чек арасында жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

  Маалым болгондой, медициналык жардамга 25 адам кайрылды. Төртөө учурда стационарда, экөө жандандыруу бөлүмүндө, дагы экөө хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Калган жабыркагандар биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кое берилди.

Эске салсак, Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары ортосунда жаңжал кечээ катталды. Түшүнбөстүк Чечме айылындагы суу булагынан улам чыккан. Уруш мушташка айланып, эки өлкө тургундары бирин бири таш баранга алышкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *