Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча жолугушуу өттү

    Мезгил

Бишкекте Кыргызстан менен  Өзбекстандын  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстан Респуликасынын аймагында өтөрү күтүлүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *