Кыргызстан 220 ИВЛ аппаратына муктаж

  Мезгил

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы 220 ИВЛ аппаратына муктаж. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. 

 Акматова билдиргендей, учурда өлкөдө жалпы 572 ИВЛ аппарат бар. Март айынан баштап гуманитардык жардам катары өлкөгө 23 аппарат, 130 дем алууну көзөмөлдөөчү жабдуу жана өпкөнү жасалма түрүндө дем алдыруучу 5 прибор жеткирилген. Учурда 63 ИВЛ аппаратын сатып алууга тендер өткөрүлдү.

Медициналык каражаттар менен камсыздоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *