Кыргызстан айдоочулардын өлкөсүбү? Жол салуучулар жөө адамдарды унутуп калышкан

Мезгил. 

Бишкекте жана Көчмөндөр оюнуна карата аймактарда курулган жолдордо жөө адамдар басуучу кичи жол жок.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Тынчтык Конушбаев жолчуларга: “Жол салганды билебиз, бирок аягына чыгарганды билбейбиз”, – деп нааразы болду.

Депутат Бишкектин бир катар аймактарында жолдо тратуар жок экенин белгиледи.

“Түштүк Магистраль менен Бахага чейинки жолдун салынганына көп болду. Менимче, Нариман Түлеев шаар башчылыгында турганда курулса керек. Бирок алиге чейин тратуар салынбады. Бюджетте кичи жолдор үчүн каражат каралыптыр, анткен менен ушул күндө да эл чоң жол менен каттоого аргасыз”, – деди депутат.

Ал чоң жол менен окуучулар мектепке каттап, жаш балдарын коляскага салган адамдар да машинелер менен катарлашып басып жүргөнүн айтып, бул кооптуу жагдай экенин белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *