“Кыргызстан” фракциясы качан мыйзамды сыйлайт?

Мезгил

Насыр Мусаев мандат алгандан баштап Жогорку Кеңештин жыйынына бир дагы жолу келген жок. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында фракция мыйзамдын баардык талабын аткарганга аракет кылып жатат.  Бирок, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча 30 жумушчу күн бою жыйындарга катышпаса, анда депутат мандатынан ажыратылат.

-Бул жерде биз болгону мыйзамдын талабын сактаганга аракет кылып жатабыз. Регламент боюнча «30 жумушчу күн бою жыйындарга катышпаса, анда депутат мандатынан ажыратылат» деген ченем бар. Биз ошонун негизинде Жогорку Кеңештин төрагасынын атына кат жазып, ушул маселени карап берүүнү суранганбыз. Бул маселе процедурасы боюнча алгач тиешелүү комитетте каралып, анан жалпы жыйынга чыгарылат. Андан соң бул боюнча БШК чечим кабыл алууга тийиш-деди Алмазбек Баатырбеков.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери  Насыр Мусаев мандат алардан мурун келип,  «жакшы болуп кетет деген үмүтүбүз бар, жакшы боло албаса анда бир нече убакыттан кийин арызды жазып эле кетебиз» деген ал кишинин уулу дагы  атайын чакыртсам да келбей жатат деп кошумчалайт.

-Фракция бул маселени тынч жана ич ара чечүүнү каалаган. Бирок, ал депутаттын өзү менен байланышып, сүйлөшкүдөй боло элекпиз. Анткени, Насыр Мусаев мандат алгандан баштап Жогорку Кеңештин жыйынына бир дагы жолу келген жок. Бир гана жыйынга эмес, бир дагы комитеттин же  комиссиянын ишине катышкан эмес. Анын баласы Насыр Мусаев ооруп дарыланып жаткандыгын айткан. Ошондуктан биз күттүк-деди Алмазбек Баатырбеков

Эске салсак буга чейин аталган фракциянын депутаты Канат Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Насыр Мусаев жыйырма жолудай гана жыйынга катышкан жок деп билдирген. Мындан көп өтпөй эле фракция башка маалыматты алып чыкты. Ошондуктан эл өкүлдөрү өздөрү мыйзамды сыйлабай, карапайым калкка калп айтканды качан токтотушат?-деген ой келет. Коомчулукка жалган маалымат таркатып Насыр Мусаевге жан тартканды коюп, Канат Исаев Жогорку Кеңештин регламенттин бир жолу барактап окуп койсо ашыкча болмок эмес!

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *