Кыргызстан Казакстандан электр энергия сатып алат

   Мезгил

Кыргызстан Казакстандан 500 миллион кВт-саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Тиешелүү протоколго биздин өлкөнүн Энергетика, өнөр-жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов  жана Казакстандын вице-премьер-министри Нрлан Нысанбаев кол коюшту.

Ага ылайык, Кыргызстан сентябрдан жылдын аягына чейин коңшу өлкөдөн электр энергияны 1 кВт-саатын 2,4 центтен сатып алат.

Жалпы суммасы 12 миллион долларды түзөт. Бул Токтогул суу сактагычындагы сууну рационалдуу пайдалануу максатында жыл сайын жүргүзүлүп келет.

Белгилей кетсек, товар алмашуу Казакстан менен жылда колдонулуп келе жаткан практика.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *