Кыргызстан кибер коркунуч боюнча 6-орунда

   Мезгил

Борбордук Азия өлкөлөрүндө кибер коркунучка байланышкан жагдай анчейин жакшы эмес. Бул тууралуу “Касперскийдин Лабораториясынын” Борбордук Азия жана Монголия боюнча коммерциялык директору Валерий Зубнов “КИТ-2019” форумунда айтып чыкты.

“Касперскийдин Лабораториясынын” отчету боюнча Кыргызстан 2019-жылдын 1-кварталында дүйнөлүк рейтингде кибер коркунуч боюнча 6-орунду ээлеген. Ал эми мурдагы жылдары 4-орунду ээлеп келген. Кошуна Өзбекстан жана Тажикстанда да абал жакшы эмес, биздикине окшош.

Ал эми вэб-чабуулдарды ар убакта коюп туруучу өлкөлөрдүн катарына АКШ менен Нидерланды кирет. Бул жерде вэб-чабуулдарды геосаясат менен байланыштыруунун кажети жок. Жөн ганан ал өлкөлөрдө хостинг өнүккөндүгү менен байланыштуу. Бул өлкөлөрдө ижарага берилчү ресурстар жогору.

Ошондой эле Валерий Зубнов кибер-чабуулдардын айрымдары байкалса, айрымдары байкалбай кала тургандыгын айтты. Быйылкы жылдын 1-кварталында эле “Касперскийдин Лабораториясы” жасалган 843 млн чабуулдун мизин кайтарган.

Бизде кибер чабуулдардан менчик, ал тургай мамлекеттик мекемелер да жабыр тартып калган учурлары болот. Бир кезде БШКнын вебсайтына эстониялык хакерлер чабуул койсо, кечөө КСДП партиясы партиянын сайтына чабуул болуп, жабылып калды деп чыкты. Ал эми “Апрель” телеканалынын вебсайты “Акыркы убакта бизге да чабуул болду. Бирок алсызыраак” деп чыгышты. Булар минтип эл көзүнө байкуш көрүнгүлөрү келип жатса керек. Башкасы болсо бир жөн, дайым эле оппозициялык тараптар кибер-чабуулдардан жабыркаганына даттанып келишет. А балким КСДПнын өкүлдөрү 7-апрель күнү Башкы прокуратуранын кеңсеси өрттөлүп, ал жердеги бир нече кылымыш иштерин күбөлөгөн документтер жоготулган сыңары партиянын “былыгын” каткан вейбсайтты өздөрү атайын жок кылышкан чыгар? Силер буга ишенесиңерби? Эмне үчүн башка партиялардын веб-сайттарына кибер-чабуул жасалбайт?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *