Кыргызстан: Коронавирусту алдын алуу үчүн 3 миллиард 300 миллион сом жумшалды

Мезгил

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу үчүн 3 миллиард 300 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, сумма республикалык бюджеттен бөлүндү. Каражат тиешелүү министрлик, фонд жана аймактардагы өкүлчүлүктөргө бөлүштүрүлдү.

Министрлик белгилеп кеткендей, аталган акчага гуманитардык жардамдар кирбейт.

Анын ичинде чет өлкөлөрдөн жана демөөрчүлөр тарабынан келген препараттар, коргонуу каражаттары, ПЦР-тесттер жана жасалма дем алдыруучу аппараттар бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *