Кыргызстан коронавирусту аныктоочу дагы 30 миң экспресс-тест сатып алат

   Мезгил

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттен дагы 30 миң даана сатып алат бул тууралуу республикалык  штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн 25-мартта 112 500 долларга ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт.  

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарды, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү.

Буга чейин Кыргызстанга 22 500 долларга ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест жеткирилген. Ал экспресс-тесттер Кыргызстандын өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *