Кыргызстан Кытайдан кычкылтек концентраторун сатып алды

    Мезгил

Кыргызстанга Кытайдан кычкылтек концентраторунун дагы бир партиясы жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалым болгондой, жаңы 78 аппарат республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды.

Жабдуулар аймактарга бөлүштүрүлөт. Учурда алар Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Ушул жумада дагы 350 аппарат келери күтүлүүдө.

Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2 миң кычкылтек концентраторун сатып алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *