Кыргызстан Кытайдын жана бир катар өлкөлөрдүн жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди

   Мезгил

Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Япониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Маалым болгондой, аталган өлкөлөрдүн жарандары 1-марттан тарта ишке же туристтик максаттарда Кыргызстанга кире алышпайт.

Ошондой эле1-марттан тарта илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салынат. Бул тизме кырдаалга жараша өзгөрүп турмакчы. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 85 миңден ашты.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *