Кыргызстан мектептерине 700 миллион сомго компьютерлер сатылып алынат

Мезгил

Кыргызстан мектептерине 700 миллион сомго 30 миң компьютер сатылып алынат. Бул тууралуу Билим бер жана илим министринен билдиришти. 

Маалым болгондой,  отуз миң   компьютер сатылып алынганы менен бул дагы жетишсиз болдууда.  Тактап айтканда бир компьютерге 13 окуучу туура келип калат.  

Азыр бул боюнча сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк жана Европа биримдиги менен жүргүзүлүүдө. Учурда мектептерде 28 миңден ашуун компьютер бар. Бул болжолу алардын ар бирине 27 окуучу туура келет дегенди билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2200дөй мектеп бар.   Ал эми Бишкек шаары боюнча 93 мектеп болсо, анын ичинен он бештейине интерактивдик тактайларды орнотушкан. Мектепдерди жаңылоо же ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу көбүнесе шаарда жүрөт. Бирок борбор калаада дагы гимназия же лицей сыяктуу айырмаланган мектептер гана жаңы ыкмаларга биринчи жетишет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *