Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү чек ара маселесин талкуулашат

Мезгил

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү эки өлкөнүн чек арасынан жүк алып өтүү маселесин талдашат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди

Маалым болгондой, жолугушуу Алматы шаарына 30-31-январь күндөрү өтөт. Жыл жаңыргандан көп өтпөй, Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан жүккө кошумча талап койгондуктан бул өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралууда.

Казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши ЕАЭБдин нормаларына каршы келет. Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, Казак тараптын кошумча текшерүүлөрүнөн улам Ысык-Ата районундагы өткөрмө бекетте оор жүк ташуучу машинелердин тыгыны пайда болууда. Кезекте турган унаалардын саны 100дөн ашат. Жеринде чатырлар тигилип, айдоочуларга   ысык чай берилип жатат.  Мындай кырдаал 7-январдан бери катталууда.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *