Кыргызстан Россия жана Казакстан менен аба жолдорун качан ачаары белгисиз

   Мезгил

Кыргызстан Россия жана Казакстан менен аба жолдорун ача тургандыгы азырынча анык эмес.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, аталган мамлекеттерден расмий билдирүү келе элек. Эки өлкө менен учурда аба каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Россия 1-сентябрдан тартып Кыргызстанга каттамдардын уюштурулушуна уруксат берерин жарыялады. Ал эми Казакстан 17-августтан тартып 7 өлкө менен туруктуу каттамдарды жүргүзө баштайт. Бирок ал тизмеге биздин өлкө кирген жок.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *