Кыргызстан ушул жылдан тарта электр энергияны экспорттой баштайт

   Мезгил

СASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстандан электр энергияны экспорттоо ушул жылы башталат. Бул тууралуу улуттук электр станциялар ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, 15 жыл аралыгында Афганистан жана Тажикстанга эскпорттун өлчөмү 23 миллиард киловатт-саатка жетиши керек. Ал үчүн Кыргызстандан өтүүчү электр линияларынын узундугу 450 чакырымды түзөт.

Белгилей кетсек, CASA-1000 долбооруна 4 мамлекет кирет: Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистан. Долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд доллардан ашат. Анын ичинен Кыргызстанга 233 млн доллар, Тажикстанга 314 млн доллар, Афганстанга 354 млн доллар, Пакистанга 209 млн доллар туура келет.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *