Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн, бирок жарым жылда 118 ала качуу фактысы катталган

Мезгил

Кыргызстанда жыл башынан бери кыз ала качуу боюнча 118 факты катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков Бишкекте өткөн “Ала качууну алдын алуу жана болтурбоо” деген талкууда билдирди.

– 2019-жылдын алты айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо. Иштердин көбү сотко өттү – деди Рысбеков.

Ошондой эле талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, тарыхчылар, дин таануучулар катышышты. Мында БУУнун гендер боюнча соңку баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуу жолу аркылуу курулары айтылды. Ал эми милициянын маалыматына караганда, ала качуу көпчүлүк учурда айыл жергесинде катталат.

Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *