Кыргызстанда алдыңкы 9 спортчу айына 50-60 миң сомдон стипендия алышат

Мезгил

Акыркы жылдары мамлекет тарабынан спортчуларга көңүл бурула баштады. Ушул жылдын алты айында орто эсеп менен 140тан ашык спортчуга 20 млн сом стипендия төлөнүп берилди. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Спортчулардын II категориядагылар 60 миң сомдон стипендияны январь айынан тарта ай сайын үч спортчу алып келет. Алар, 2018-жылдагы Азия оюндарынын чемпиондору – Дарья Маслова, Айсулуу Тыныбекова жана Төрөкан Багынбай уулу.

Ошондой эле III категориядагы спортчулар 50 миң сомдон стипендияны 6 спортчу алат. Алар: Былтыркы Азия оюндарында эркин жана грек-рим күрөштөрү боюнча экинчи орунду алган Магомед Мусаев, Акжол Махмудов, Каныбек Жолчубеков;

Дүлөйлөр арасындагы спорт күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду алган Алмазбек Исаков.

Өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликте 1-орунду багынткан Эрбол Бакиров.

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду алган Жоламан Шаршенбеков.

Ал эми категориясына жараша стипендияга илинген калган спортчулар ай сайын 10 миң сомдон 40 миң сомго чейин акча алышат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *