Алимент төлөбөгөндөр жазаланат

Мезгил

Өлкөдө алимент төлөбөгөндөр жазаланат.  Мындан ары  аларга чет мамлекетке чыгууга тыюу салынат. Үй-бүлө кодексине толуктоолорду киргизүүнү парламент депутаттары сунушташты.

 Ошондой эле алименттин өлчөмүн дагы өзгөртүүлөрү пландалууда.   Учурда кодексте ата-эне айлыгынын төрттөн бир бөлүгү берилиши керек. Көбү атайлап кирешесин азайтып келет.

Буга байланыштуу, алименттин минималдык суммасын – бир балага 1 миң 800 сом өлчөмүндө бекитүү чечими кабыл алынды. Өзгөртүүлөр парламент тарабынан 3 окууда жактырылып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *