Кыргызстанда бала бакчалар качан ишин жандантаары белгисиз

  Мезгил

Кыргызстанда бала бакчалардын ишин жандантуу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Билим берүү министринен билдиришти.

 Маалым болгондой, ведомство анализ жүргүзүп, 9 миңден ашык ата-эне балдарын бакчаларга берүүгө даяр экенин аныктады.

Бирок кеп наристелердин ден-соолугу тууралуу болуп жатканда, чечимди шашылыш түрдө кабыл алуунун кереги жок.

 Ошондой эле, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга көз каранды болот. Ал турукташса, республикалык штаб бала бакчаларды ачуу чечимин жарыялайт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *