Кыргызстанда бардык мунай базалар жана май куюу бекеттери текшерилет

   Мезгил

Кыргызстанда бардык мунай базалар жана май куюу бекеттери текшерилет. Бул тууралуу  Мамлекеттик экотехинспекциядан билдиришти.

 Маалым болгондой, 10-майда өрт чыккан Жалал-Абаддагы мунай базасы былтыр эле текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген.

Бирок талап аткарылган эмес жана 7,5 миң сомго айып жазылган.

Эске салсак, Шерматов көчөсүндөгү мунай базасында өрт чыгып, эки адам жабыркады. Анын бири оор абалда реанимацияда.

 Белгилей  кетсек, ушундай эле жалпы текшерүү жүргүзүп, каттуу көзөмөл болорун бийлик былтыр дагы убада кылган.

Анда Ошто 20-мартта “Түштүк-Чыгыш” кичи районундагы май куюу бекетинде жарылуу болуп, 3 адам жабыркаган болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *