Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга тендер жарыяланды

   Мезгил

Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга кезектеги тендер жарыяланды.  Бул тууралуу  Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мекеме бул максатта 973 миллион сом бөлүүгө даяр. Тендерге жергиликтүү да, чет өлкөлүк да компаниялар катыша алат.

Эске салсак, Биометрикалык чет элдик паспортту даярдоо боюнча сынак 2018-жылы жарыяланып, литвалык компания жеңүүчү деп табылган. Бирок Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарды. Себеби сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык компания тендерде эреже бузулганын айтып, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *