Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу  онлайн  маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал 23-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталганын, анын ичинен 10у медицина кызматкерлери экенин билдирди.

Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 172ге жетти. Алардын ичинен 50сү дарыгер, калгандары орто жана кенже медицина кызматкерлери жана башка кызматта иштегендер. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *