Кыргызстанда дагы 12 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 116

   Мезгил

Сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 116га жетти.

“Алардын ичинен Бишкек шаарында 7, Ош облусунда 4 (Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда 1), Ош шаарында бир медкызматкер илдетти жуктуруп алды”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489 кишиге жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкери. Коронавирустан 114 жаран айыкса,  5 адам каза болду. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *