Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 631

   Мезгил

Кыргызстанда 23-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 19 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал толук көзөмөлдө.

“Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Чүй облусунда – 4, Ош шаарында – 4 жана Ош облусунда – 3 учур бар. Республика боюнча жалпы коронавирус жуккандардын саны учурда 631ге жетти”, – дейт ал.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *