Кыргызстанда дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды

   Мезгил

Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуктурган дагы 22 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 612 адамга жетти.

Жаңы катталган учурдун ичинде Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2, Ош шаарында – 4, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 жана Нарын облусунда 1 учур бар. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *